Эртең, 12-сентябрда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.
Баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк банк тутумунан жалпысынан 17,5 миллиард сом алууну көздөп жатат.
Эске салсак, 5-сентябрда өткөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү 11,88, 12,03, 12,06% жана 13,90% пайызды түзгөн. Ал эми 182 күндүк ноталардын аукциону катышуучулардын саны жетишсиз болгондуктан жараксыз деп табылган.