Улуттук банк комбанктар менен валюта рыногундагы кырдаалды талкуулады

18.01.2023, 13:50 Акчабар
Улуттук банк комбанктар менен валюта рыногундагы кырдаалды талкуулады

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн валюта рыногундагы учурдагы абал, ошондой эле министрлер кабинетинин 2022-жылдын 13-январындагы токтому менен киргизилген, накталай АКШ долларын Кыргызстандан алып чыгууга убактылуу тыюу салууга байланыштуу маселелер талкууланды.

"Улуттук банктын жетекчилиги кардарларды банктык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, калктын керектөөсүн канааттандыруу үчүн накталай чет өлкө валютасын жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу жана аралыктан банктык тейлөө системасы аркылуу коммерциялык банктар тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү камсыз кылуу зарылдыгына басым жасады", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга дайыма көз салып, көзөмөлдөп турары жана зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуу жана коопсуз ишин мындан ары камсыз кылуу үчүн чараларды көрөрү белгиленди.

Тэги: новости Кыргызстана Нацбанк комбанки валютный рынок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу