Улуттук банк «Капитал Банктын» башкармасынын төрагасынын талапкерлигин жактырды

14.01.2022, 09:26 Акчабар
Улуттук банк «Капитал Банктын» башкармасынын төрагасынын талапкерлигин жактырды

Улуттук банк "Капитал Банктын" башкармасынын төрагасы кызмат ордуна талапкерлигин макулдашты. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, Улуттук банк “Капитал Банк” ААК башкармалыгынын төрагалыгына Туратбек уулун Аалышерди бекитти. Тиешелүү чечим ушул жылдын 13-январында кабыл алынган.

Эскерте кетсек, аны “Борбордук Азиянын Капитал Банкы” ААК башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындоо боюнча директорлор кеңеши 14-декабрда чечим кабыл алган. Бирок кызмат ордун расмий бекитүүнү Улуттук банк бекиткенден кийин болот.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Туратбек уулу Аалышер башкармалыктын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген. Бирок банктын жетекчисинин орду бош болчу.

Тэги: Кыргызстан Капитал Банк кадры правление

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу