Улуттук банк дагы бир мыйзамсыз валюта сатуучуга айып салды

08.12.2022, 13:42 Акчабар
Улуттук банк дагы бир мыйзамсыз валюта сатуучуга айып салды

Улуттук банк лицензиясы жок алмашуу операцияларын жүргүзгөн жарандарга айып пул салууда. 

Бүгүн, 8-декабрда Улуттук банк тиешелүү мыйзам бузгандыгы үчүн дагы бир валюта соодагерине айып пул салды. Айып пулдун суммасы 17,5 миң сомду түздү. 

Кошумчалай кетсек, 2-декабрда көзөмөлдөөчү орган 23 акча алмаштыруучу жайга 55 миң сомдон айып пул салган. Жалпы сумма 1 миллион 265 миңди түзгөн. Ошондой эле, 39 адам 17,5 миң сомго айып пул салынып, анын жалпы суммасы 682,5 миң сом болгон. 

 

Тэги: новости Кыргызстана обмен валют Нацбанк КР штрафы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу