Улуттук банк 2022-жылдагы пайданын 90%ын республикалык бюджетке которот. Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кирешесин которуу маселелери жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбековдун айтымында, 2022-жылы банктын кирешеси 10 миллиард 186 миллион 889 миң сомду түзгөн.