Улуттук банк 2022-жылдагы пайданын 90%ын республикалык бюджетке которот. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кирешесин которуу маселелери жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда жактырылды.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдын акырына карата пайдасынын 90%ын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө которуу максатында “Улуттук банктын кирешеси жана камдары” беренесинин колдонулушун токтотууну карайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын милдеттүү резерви 10% өлчөмүндө.
Демек, бул ченем республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн бюджеттин чыгашаларын каржылоо үчүн Улуттук банктын кирешесинин токсон пайызын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.