2019-жылдын 05-декабрында өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган банктарды кайра каржылоо максатында кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет.
Аукциондун коду - АК 19 40
Кредиттин мөөнөтү - 6 ай
Кредиттик ресурстардын көлөмү - 1 000,00 (млн. сом)
Ауцион өткөрүү ыкмасы - Кошо каржылоо менен белгиленген чен боюнча аукцион
Кошо каржылоонун пропорциясы - Кошо каржылоонун көлөмү 1:1 (коммерциялык банктын өздүк каражаттары эсебинен кредиттөөнүн көлөмү ушул кредиттик аукциондун чегинде алынган каражаттардын көлөмүнө дал келиш керек)
Максаттуу багытталышы - Өнөр жай; айыл-чарба, даярдоо жана кайра иштетүү; транспорт, байланыш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү; соода жана коммерция; курулуш; туристтик чөйрө.
Регионалдык багытталышы - Кредиттик ресурстар Бишкек шаарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бардык областарын каржылоого багытталууга тийиш. Бишкек шаары боюнча долбоорлорду кредиттөгө жол берилбейт.
Пайыздык чен (%) - Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени
Билдирменин минималдуу көлөмү - 20,00 млн сом
Билдирменин максималдуу көлөмү - 450,00 млн сом
Коммерциялык банктардын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык чени, анын ичинде коммерциялык банктардын өздүк каражаттарынын эсебинен берилген кредиттер боюнча - 12%
Пайыздын төлөө убакыты - Ар бир айдын 1чи күнүндө
Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу - Улуттук валютадагы мамлекеттик баалуу кагаздары (МБК) (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)
Улуттук банктын ноталары - (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)
Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган чет өлкө валютасы (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)
Кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 200%)
Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоо- Жалпы күрөөлүк камсыздоонун 70% ашпаган