Ушул аптанын жума күнү, 4-ноябрда жүгүртүү мөөнөтү жети жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Пландаштырылган көлөм 1,3 миллиард сомду түзөт.
Купондук чен 7% өлчөмүндө белгиленген.