Улуттук банкта 2020-2022-жылдары КР санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча тегерек стол өттү.
Уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө санарип төлөм технологияларын 2020-2022-жылдары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, аларды ишке ашыруу мөөнөттөрү жана долбоордун катышуучулары тууралуу маселелер талкууга алынды.
Иш-чарада төлөм системалараынын операторлору, төлөм уюмдары, төлөм системасынын операторлор ассоциациясы жана операторлор байланышы, экономика министрлиги жана маалымат технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү катышышты.