Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн эки акча алмаштыруу бюросунун лицензиялары убактылуу токтотулду.
Булар Бишкек шаары, 11-кичи район, 3/1 жайгашкан “Салтан плюс” жана “Только наличные” Кожевенная көчөсү, 74, №11 соода жайында жайгашкан акча алмаштыруучу жайлар болуп саналат.
Белгилей кетсек, аталган акча алмаштыруу жайлары 12-майдан 21-майга чейин иштей албайт.