Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн үч алмашуу бюросунун лицензиялары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Лицензия 2022-жылдын 9-июлунан 15-июлуна чейинки мөөнөткө токтотулду. Үч алмашуу бюросу тең Бишкекте жайгашкан.