Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, үй №2, 31-квартира дареги боюнча жайгашкан, «Арзы плюс Ж» ЖЧК алмашуу бюросунун 2018-жылдын 4-июнундагы №5735 лицензиясынын аракети токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.
Аталган акча алмаштыруучу жайдын иш алып баруусу 2019-жылдын 12-декабрынан тартып, 21-декабрга чейин токтотулган.
Эске сала кетсек, буга чейин ОсОО «Датка ЛТД» жана ОсОО «Нишан Компани» акча алмаштыруучу жайлар, УБ нормаларын сактабагандыгы үчүн, ишмердүүлүгүн токтотушкан.