Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергени үчүн Бишкектеги акча алмаштыруу төрт жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду.
Тактап айтканда, ушул жылдын 8-февралынан 22-февралына чейин "Ариет Финанс" ЖЧКсы, "Силквей" ЖЧКсы, "Урматбек" ЖЧКсынын жана 8-12-февралга чейин "Капитал Кэш" ЖЧКсы убактылуу иштебейт.
Жогорудагы акча алмаштыруу жайларынын баары Бишкек шаарында иштеп келген.