Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн алты акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясынын аракети токтотулду. Бул тууралуу борбордук банктын басма сөз кызматы билдирди.
26-марттан тартып 9-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Ден Сяопин проспекти 14-үй, 2-кв. дареги боюнча жайгашкан «Золотой динар» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 4-мартындагы № 6270 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Ден Сяопин проспекти 2-үй, 33-кв. дареги боюнча жайгашкан «Ынтымак плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 28-майындагы № 6135 лицензиясы.
26-марттан тартып 30-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 274 дареги боюнча жайгашкан «Айгуль ЛТД» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 6101 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 169 дареги боюнча жайгашкан «Аслан-Бектур» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 2-июлундагы № 6165 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 266/3 дареги боюнча жайгашкан «Усман плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 6196 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Ден Сяопин проспекти 10-үй, 13-кв. дареги боюнча жайгашкан «Кайрат-Адил» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 30-мартындагы № 6095 лицензиясы.
Тэги: обменки Нацбанк КР нарушения лицензия