Улуттук банк Бишкектеги дагы бир акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында жарыяланды.
Тактап айтканда, 8-февралдан 17-февралга чейин «Радиус KG» ЖЧКсынын алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган. Мындай чечимге Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушу себеп болгон.
Кошумчалай кетсек, буга чейин 4-февралда Улуттук банк тарабынан «Капитал Кэш» жана «Топ Финанс» ЖЧК алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясынын аракети токтотулган.