Улуттук банк “Дастан и Ко” ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Мындай чечимге Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушу себеп болгон.
Тактап айтканда, ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксат берүү 2021-жылдын 17-ноябрынан 1-декабрына чейин убактылуу токтотулган.