Аффинаждалган алтын куймаларын сатуу башталгандан, 2015-жылдан бери Улуттук банк жалпы салмагы 301 килограмм болгон 10 миң 270 куйманы 1 миллиард 20,9 миллион сомго сатты. Бул тууралуу “Акчабарга” аталган банктан билдиришти.
Анын ичинен ушул жылдын 1-ноябрынан 23-ноябрына чейин 13,1 миллион сомго 2,4 килограмм салмактагы 177 тазаланган куйма сатылган.
Ошол эле мезгилде Улуттук банк 3,5 килограмм салмактагы 312 куйманы 18,8 миллион сомго кайра сатып алды.
"Жарандар арасында 5 жана 100 грамм салмактагы алтын куймалары эң көп суроо-талапка ээ", - деп билдирди Улуттук банк.
Кошумчалай кетсек, 25-ноябрга карата аффинаждалган куйма алтындын унций баасы 159 миң 153 сомду, сатып алуу 156 миң 801 сомду (суткасына - 7 доллар) түзгөн.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане