«Аманбанктагы» убактылуу администрациянын режими узартылды

16.01.2023, 09:21 Акчабар
«Аманбанктагы» убактылуу администрациянын режими узартылды

Улуттук банк Башкармасынын чечими менен кыргыз-орус “Аманбанк” ААКсында убактылуу администрациянын өзгөчө режими узартылды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Өзгөчө режим 2023-жылдын 14-январынан баштап алты айга узартылды. “Аманбанк” ААКсынын убактылуу администратору болуп Рустам Абдулдабеков дайындалды.

Эске салсак, “Аманбанк” ААКда убактылуу башкаруунун өзгөчө режими 2022-жылдын 5-июлунда алты айлык мөөнөткө киргизилген. Буга чейин финансы-кредиттик мекемеде тике банктык көзөмөл орнотулган. Жөнгө салуучунун иш-аракеттери “банктын финансылык абалын деталдуу изилдөөгө жана банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо максатында учурдагы ишмердүүлүккө оперативдүү мониторинг жүргүзүүгө” багытталган.

Тэги: новости Кыргызстана экономика Нацбанк банки временная администрация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу