Ушул апта, 14-декабрда Улуттук банк Башкармасы “Евразия сактык банкы” ААКсында убактылуу администрациялоонун өзгөчө режимин узартуу чечимин кабыл алды.
Өзгөч режим 2022-жылдын 23-декабрында алты айлык мөөнөткө күчүнө кирди.
Банктын убактылуу администратору болуп Улан Базаркулов дайындалды.
Эске салсак, Улуттук банк мындай чараларды 2018-жылы банк өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алган.