Улуттук банк: 2020-жылы инфляция тобокелдиктери жаралбайт

24.12.2019, 12:21 Акчабар
Улуттук банк: 2020-жылы инфляция тобокелдиктери жаралбайт

Улуттук банктын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча болжолдоолоруна ылайык, инфляциянын орточо жылдык мааниси 1,2 пайызды түзөт. 2020-жылы пайыздык чен дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын калыбына келүүсүнөн улам, ошондой эле ички жана тышкы таасирлер жок болгон учурда, акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчү – 5-7 пайыздан ашпайт деп билдиришет. Дүйнөлүк жана регионалдык рыноктордо жакынкы аралыкта күтүлгөн тенденциялар Кыргызстандын экономикасы үчүн олуттуу инфляция тобокелдиктерин жаратпайт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Реалдуу сектордо экономикалык жигердүүлүк сакталууда. 2019-жылдын январь-ноябрь айларында реалдуу ИДӨ 4,9 пайызга, ал эми «Кумтөр» ишканалары өндүргөн продукциялар боюнча маалыматтарды эске албаганда – 3,5 пайызга өскөн. Өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы экономиканын бардык негизги секторлорунда байкалган, мында өндүрүш сектору негизги салымды кошууну уланткан.  

Улуттук банк тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын кабыл алат.  

 

Тэги: инфляция Нацбанк КР Кумтор экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу