Каржы министрлиги мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу аркылуу бюджетке бир млрд сом тартууну пландаштырууда. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Ушул аптанын 11-ноябрында жүгүртүү мөөнөтү үч жылдык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт.
Купондук чен 5% өлчөмүндө белгиленген.