Эртең, 19-январда жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Пландаштырылган чыгаруу көлөмү 60 миллион сомду түзөт.
Эске салсак, 12-январдагы жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон МКВларды жайгаштыруу боюнча аукцион кирешелүүлүктүн жогору туруксуздугунан жана катышуучулардын саны жетишсиз болгондуктан өткөн эмес.