Эртең, 15-декабрда жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Пландаштырылган чыгаруу көлөмү 150 миллион сомду түзөт.
Ошондой эле, 16-декабрда жүгүртүү мөөнөтү 10 жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларын 2,3 млрд сомго жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Купондук чен 8% өлчөмүндө белгиленген.