Эртең, 2-февралда жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Пландаштырылган көлөм 60 миллион сомду түзөт.
Эске салсак, 19-январда өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 12 айлык МКВнын эмиссиясынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү 8,48%ды түзгөн.