Эртең, 8-декабрда жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Пландалган чыгаруунун көлөмү 150 миллион сомду түзөт.
Муну менен бирге, 9-декабрда жүгүртүү мөөнөтү эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт.
Чыгаруунун көлөмү 600 миллион сом. Купондук чен 5% өлчөмүндө белгиленди.