Улуттук банк мамлекеттик облигацияларды ири жайгаштырууну ишке ашырат

17.11.2021, 14:45 Акчабар
Улуттук банк мамлекеттик облигацияларды ири жайгаштырууну ишке ашырат

Эки күндүн ичинде, 18-19-ноябрь күндөрү Каржы министрлиги бюджетке 2 миллиард 570 миллион сом тартууну пландоодо. 

Ошентип, 18-ноябрда Кыргызстандын Улуттук банкы 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин 70 миллион сомго жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Бир күндөн кийин, 19-ноябрда, мамлекеттик казына облигацияларын ири жайгаштыруу болот.

Жалпысынан мамлекеттик облигацияларды эмиссиялоо аркылуу бюджетке 2,5 миллиард сом, 2 жана 7 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен ар бири 750 миллион сом, 15 жылдык мөөнөткө дагы 1 миллиард сом тартуу пландалууда. Облигациялар боюнча купондук кирешелүүлүк мөөнөтүнө жараша 5тен 9%ке чейин өзгөрөт.

Тэги: аукцион Нацбанк КР бюджет гособлигации

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу