1-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы интервенциялар менен валюта рыногуна чыкты. Бул АКШ долларынын быйылкы жылы сегизинчи сатылышы.
Бул жолу мекеме 7,6 миллион доллар сатты.
Ага чейин, 27-сентябрда Улуттук банк 33,1 миллион доллар саткан. Жалпысынан жыл башынан бери сомдун чет элдик валютага карата курсун жумшартууга 311 миллион 150 миң доллар жумшалган.