20-февралда өткөрүлгөн аукциондордо Улуттук банк ар кандай мөөнөттөгү ноталар боюнча жыйынтыктарды чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
7, 28, 91 жана 182 күн жүгүртүү мөөнөтү менен ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,99%, 12,11%, 13,94% жана 14,67%ды түздү.
Эске сала кетсек, жалпысынан 25,9 млрд сом тартуу пландалган.