Улуттук банк 11,6 млрд сомго ноталарды жайгаштырды

20.07.2022, 14:53 Акчабар
Улуттук банк 11,6 млрд сомго ноталарды жайгаштырды

Ушул жылдын 19-июлунда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлдү.

Кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды жайгаштыруунун эсебинен өлкөнүн башкы каржы мекемеси банк тутумунан жалпысынан 11,6 миллиард сом алууну пландаштырган.

Аукциондордун жыйынтыгында Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 12,96%, 13,4% жана 13,72%ды түздү.

12-июлда өткөрүлгөн аукционго салыштырмалуу 7 жана 14 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү бир аз төмөндөгөн. Ал эми 28 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү өзгөргөн жок.

Тэги: ноты Нацбанка доходность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу