Эртең, 22-февралда жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондору өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет.
Пландаштырылган эмиссиянын көлөмү 6,6 млрд сомду түзөт. Улуттук банк 14 күндүк ноталарды жайгаштыруу аркылуу банк системасынан каражаттардын басымдуу бөлүгүн – 2,7 млрд сом алууну көздөп жатат.
Кошумчалай кетсек, ноталардын максималдуу кирешелүүлүгү аукционду өткөрүү күндөгү Улуттук банктын эсептик курсуна барабар. Учурда ал 8,5% деңгээлинде белгиленген.