6-февралда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 28, 91 жана 182 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк банк тутумунан жалпысынан 23,1 млрд сом алууну көздөп жатат.
Эске сала кетсек, 30-январда өткөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 28, 91 жана 182 күн болгон Улуттук банктын ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,94%, 12,10%, 13,86% жана 14,70%ды түзгөн.