Бүгүн Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт.
Кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды жайгаштыруунун эсебинен Улуттук банк банк тутумунан жалпысынан 9,2 миллиард сом алууну пландаштырууда.
19-июлда өткөрүлгөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 12,96%ды, 13,40%ды жана 13,72%ды түздү.