Ушул жылдын 8-июнунда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт, деп билдиришти аталган мекемедегилер.
Чыгаруунун жалпы суммасы 3 миллиард 85 миллион сомду түзөт. Баарынан да 28 күндүк ноталардын эсебинен тартуу пландаштырылууда.
Бардык ноталардын кирешелүүлүгү аукционду өткөрүү мезгилиндеги Улуттук банктын эсептик ченинин деңгээлинен көз каранды.