Казакстандын Улуттук банкы эмне үчүн Казакстандагы банкоматтардан акча чыкпай жатканын түшүндүрдү

07.01.2022, 15:44 Акчабар
Казакстандын Улуттук банкы эмне үчүн Казакстандагы банкоматтардан акча чыкпай жатканын түшүндүрдү

Казакстанстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгына ылайык, 6-январдан тарта республиканын бардык каржы мекемелеринин иши убактылуу токтотулду. Мындан тышкары, казакстандыктар массалык түрдө банкоматтардын иштөөсүндөгү көйгөйлөрдү билдиришүүдө. Алардын айрымдары иштебесе, калгандары накталай акча чыгарып бербейт.

Иштебеген банкоматтардын абал боюнча Казакстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттиги менен Казакстандын Улуттук банкы биргелешкен комментарий беришти.

Тактап айтканда, Казакстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Берик Шолпанкулов Казакстанда банкоматтар интернеттин жоктугунан иштебей жатканын, аларды накталай акча менен толуктоодо коопсуз инкассацияны камсыздоо мүмкүн болбогондуктан иштеген аппараттарда акча жок экенин түшүндүрдү.

“Финансылык кызматтарды көрсөтүүнүн бардык системалары иштеп жатат. Интернет калыбына келтирилип, өлкөдөгү кырдаал турукташтырылгандан кийин калк адаттагыдай эле банкоматтарды жана төлөм терминалдарын колдоно алат”, - деп баса белгиледи ал.

Тэги: Нацбанк РК банкоматы наличность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу