Кыргызстандын Улуттук банкы республиканын эки коммерциялык банкынын кызмат орундарына талапкерлерди бекитүү чечимин кабыл алды.
Тактап айтканда, Арсен Мырзабеков "Оптима Банктын" ички аудит департаментинин директорунун орун басары кызматына, Баккелди Түмөнбаев "ЭкоИсламикБанктын" ички аудит кызматынын жетекчисинин орун басары кызматына бекитилди.
Чечимдер ушул жылдын 16-майында жөнгө салуучу орган тарабынан кабыл алынган.