Улуттук банкы Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлүгүнө “ФинансКредитБанк КАБ” ачык акционердик коомунун атынан Тимур Джусуповдун талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Мындай чечим 19-майда кабыл алынган.
Тимур Жусупов ошондой эле банктын тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетинин төрагасы кызматын ээлейт.
Буга чейин ал “ФинансКредитБанктын” Директорлор кеңешинин мүчөсү, ошондой эле Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөсү болгон.