Улуттук банк “РСК Банк” ААКтын төрагалыгына “РСК Банк” ААК тарабынан сунушталган Уланбек Ногаевдин талапкерлигин жактыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтына жарыяланды.
Мындан тышкары, Аудит боюнча текшерүү комиссиясынын төрайымы кызматына “Айыл Банк” ААК тарабынан сунушталган Назгүл Алакованын талапкерлиги жактырылды.
Ошондой эле, жөнгө салуучу орган директорлор кеңешинин төрагасынын жана Аудит боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна “Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН” ААКсы тарабынан сунушталган Максатбек Ишенбаевдин талапкерлигин жактыруу чечимин кабыл алды.