16-октябрда Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногуна быйыл 14-ирет интервенция жасап, 44,8 млн доллар сатты. Бул быйылкы жылдагы эң ири суммадагы интервенциялардын бири.
Улуттук банк бүтүндөй сумманы эсептешүү менен бүтүм жасалган күндөн башка күнгө саткан.
Кошумчалай кетсек, 5-октябрда Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногуна 27 млн 150 миң доллар саткан.