Улуттук банк үстүбүздөгү жылдын 4-февралында валюта рыногуна экинчи ирет интервенция менен чыкты. Бул ирет банк 38 млн доллар сатты.
2021-жылдын алгачкы интервенциясында Улуттук банк 45.7 млн доллар саткан - бул 2020-жылдын март айынан кийинки эң ири интервенция болуп эсептелинет.
Кошумчалай кетсек, 5-январдын таңында коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар валютаны 84.9 сомдон сатышып, 84.75 сомдон сатып алышууда. Официалдуу курс 84.795 сом.