Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды

01.11.2022, 10:21 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк Башкармасы 31-октябрда эсептик ченди (негизги ченди) 14,0 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.  

Өлкөдө жылдык инфляция ушул эле жылдын сентябрь айындагы 15,5 пайыздан төмөндөп 14,9 пайызды түзгөн. Керектөө бааларынын учурдагы өсүшү, негизинен, монетардык эмес мүнөзгө ээ болуп, көбүнчө дүйнөлүк азык-түлүк жана энергия продукциялар рыногунун таасири сыяктуу эле, Кыргызстандын экономика түзүмүнүн таасирин, анын ичинде жогорку деңгээлде импортко көз карандылыкты чагылдырат.  

Тышкы чөйрө дүйнөдөгү инфляциялык процесстердин күчөшүнүн алкагында глобалдуу финансылык шарттардын катуулашы менен мүнөздөлөт. Кыргызстанда акча-кредиттик шарттар олуттуу деле өзгөргөн эмес жана катуулатылган бойдон калууда. Улуттук банк тарабынан өз учурунда көрүлгөн чаралардын натыйжасында акча жана валюта рынокторундагы жагдай туруктуу бойдон сакталып турат, - деп айтылат маалыматта.  

Келечекте глобалдуу экономикалык өнүгүү сыяктуу эле, регионалдык экономикалык өнүгүүдө да белгисиздик сакталып турат, ал Кыргыз Республикасында андан аркы экономикалык процесстерди алдын ала аныктаган фактор болуп саналат. Ички суроо-талаптын, анын ичинде эмгекке жана социалдык төлөмдөрдү төлөөгө кеткен мамлекеттик чыгашалардын өсүшүнүн эсебинен калыбына келиши, мурдагыдай эле, инфляциянын динамикасына өз салымын кошот.  

Улуттук банк ички жана тышкы экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 14,0 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Улуттук банк инфляцияга түрткү берүүчү тобокелдиктер жөнгө салынганга чейин учурдагы акча-кредит саясатына таянууну улантат. Кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган шартта, Улуттук банк жүргүзүп жаткан монетардык саясатка кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбайт, - деп белгиленди билдирүүдө.

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү тууралуу кийинки отуруму план боюнча 2022-жылдын 28-ноябрында өтөт.

Тэги: новости Кыргызстана учетная ставка Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу