Улуттук банкка Жетим-Тоо кенин иштетүүгө демөөрчүлүк кылуу сунушу берилиши мүмкүн

17.12.2020, 15:30 Акчабар
Улуттук банкка Жетим-Тоо кенин иштетүүгө демөөрчүлүк кылуу сунушу берилиши мүмкүн

 

Өкмөт Нарын районундагы Жетим-Тоо кенин өз алдынча иштетүүгө ниеттенүүдө. Балким, алар Улуттук банктан жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан жардам сурашат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Белгилей кетсек, аталган комитет президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Кыргызстан Кытайга болгон мамлекеттик карызды Жетим-Тоонун жардамы менен төлөй алат деген билдирүүсүнөн кийин кырдаалды тактап жатат. Ошол учурда эмне жөнүндө сөз болуп жатканы - кытайлык инвесторлорго лицензия берүү же болгон карызды түстүү металлдар менен кайтаруу бул белгисиз болчу.

 

"Азыр кен толугу менен Кыргызстандын менчигинде. Өкмөт инвесторлорду тартууну көздөбөйт. Биз аны өзүбүз өнүктүргүбүз келет, бул үчүн биздин күчүбүз жетиштүү", - деди Сагынбаев.

Ал кошумчалагандай, жумушчу комиссия ишкананын кандай формада болорун чечет: мамлекеттик, акционердик коом же башка. Долбоордун башталышы үчүн сумма 200-300 миллион долларды түзүшү мүмкүн. Өнүктүрүү үчүн насыя долбоордук насыя болот жана анын мамлекеттик карызга эч кандай тиешеси жок.

Тэги: ГКПЭН Нацбанк Жетим-Тоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу