Энергохолдинг энергетикалык компаниялар үчүн бирдиктүү сатып алуу борборун ишке киргизет

31.05.2021, 11:00 Акчабар
Энергохолдинг энергетикалык компаниялар үчүн бирдиктүү сатып алуу борборун ишке киргизет

Улуттук энергетикалык холдинг энергетикалык компаниялар үчүн бирдиктүү сатып алуу борборун ишке киргизет. Бул маселе Энергетика министри менен холдингдин башкармалыгынын төрагасынын жолугушуусунда талкууланганы маалым болду.

Борборду түзүү үчүн Улуттук энергетикалык холдинг ААКнын "Электр станциялары", "НЭСК Кыргызстан" ААК, "Бишкекжылуулук" ААК жана "Түндүк электр" ААКнын туунду компанияларынын сатып алуулар бөлүмдөрүнүн сертификатталган адистери тартылган.

Кызмат орундары үчүн бирдиктүү техникалык мүнөздөмөлөрдүн жана бирдиктүү техникалык талаптардын долбоорлору иштелип чыккан. Мындан тышкары, тартылган адистердин жардамы менен төмөнкү жумуштар аткарылды:

  • талаптары бирдиктүү болушу керек болгон товарлардын тизмеси аныкталды;
  • жогорудагы тизмеге ылайык 2019 жана 2020-жылдарга жүргүзүлгөн жана 2021-жылга алдыдагы сатып алуулар боюнча талдоо жана мониторинг жүргүзүлдү;
  • бардык энергетикалык компаниялар үчүн бирдиктүү сатып алуулардын реестрине ылайык бирдиктүү техникалык талаптарды иштеп чыгуу процесси башталды.

Тэги: Нацэнергоходинг экономика Минэнерго компании

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу