Чолпон-Ата РЭСинин башчысы криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштурганы аныкталды

08.12.2021, 14:12 Акчабар
Чолпон-Ата РЭСинин башчысы криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштурганы аныкталды

Чолпон-Ата шаарында УКМКнын жана Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Чолпон-Ата шаардык электр тармактарынын башчысы тарабынан криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук сотунун 7-декабрдагы токтомунун негизинде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын алкагында майнинг-ферма электр эсептегичти айланып туташтырылгандыктан, электр энергиясын бир топ көлөмдө уурдоо фактысы аныкталды.

Белгилеп кетсек, ал адам узак убакыт бою Чолпон-Ата РЭСте ар кандай кызматтарда иштеп, 8-декабрдан тарта аталган мекеменин башчысы болуп дайындалган.

Тэги: майнинг-ферма криптовалюта электричество Кыргызстан Иссык-Куль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу