Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууларды жандандыруу үчүн даярыктар башталды

27.03.2020, 09:13 Акчабар
Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууларды жандандыруу үчүн даярыктар башталды

Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууларды жандандыруу үчүн даярдык иштери башталды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. 

«Республикалык ыкчам штаб тарабынан кыргыз-кытай чек арасы аркылуу унаа каражаттары менен жүк ташууларды жандандыруу маселеси каралды. Коңшу өлкөгө тийиштүү нота жөнөтүлдү», - деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

 Буга ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдарга «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрмө жайларында жүк ташууну жандантуу боюнча кытай тарап менен даярдык көрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле кыргыз жүк ташуучулары үчүн шарттарды түзүүнү эске алуу менен бул процесстин механизмдерин жана алгоритмин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. 

Кытайдан импорттолгон товарлардын түзүмүн талдоо көрсөткөндөй, чек аранын жабылышы жеңил өнөр жай жана текстилдик өндүрүштүн ишмердүүлүгүнө, жабдууларды ташууга бир кыйла таасир берген.

 

 

Тэги: госгнарица Кыргызстан Китай грузоперевозки экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу