«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» бюджеттен дагы 1 млрд сом алат

11.08.2022, 13:14 Акчабар
«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» бюджеттен дагы 1 млрд сом алат

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги” ААК август айында республикалык бюджеттен 1 млрд сом алат.

Буга чейин “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” бюджеттен 900 миллион сом алса, анын 100 миллион сому түзүлгөндөн кийин дароо уставдык капиталга багытталган. Кийинчерээк холдинг дагы 800 миллион сом алган. Акча коомдун капиталын көбөйтүүгө да кеткен.

Эске салсак, акционерлердин кезексиз жыйынында кабыл алынган чечимине ылайык, холдинг бирдиги үчүн жүз сомдук 71 миллион жөнөкөй аталыштагы акцияларды чыгарат. Ошентип, анын капиталы 7,1 миллиард сомго көбөйтүлүп, жалпысынан 8 миллиард сомду түзөт.

”Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингинин бирден-бир негиздөөчүсү болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги саналат.

Тэги: Наследие великих кочевников Кыргызстан бюджет деньги акции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу