«Улуттук электр тармагы» кышка расмий түрдө даяр экенин билдирди

06.12.2022, 14:59 Акчабар
«Улуттук электр тармагы» кышка расмий түрдө даяр экенин билдирди

Энергетика министринин тапшырмасы менен “Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдары кышка даярдык паспортторун алышты. Бул тууралуу компаниянын сайтына жарыяланды. 

Бул паспорт кыш мезгилинде электр тармактар ​​комплексинин ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн керек. Ал элге электр энергиясын таратуу боюнча зарыл болгон бардык шарттарды аткара тургандыкты тастыктаган документ болуп саналат.

Аталган паспортту алуу үчүн электр тармактар ​​ишканалары бир катар зарыл иштерди аткарышты. Негизги жана көмөкчү жабдууларды пландык, учурдагы, капиталдык оңдоо, көмөкчордондорду жана электр линияларын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча иш-чаралар аткарылды. Мындан тышкары, имараттарды, курулмаларды, унааларды оңдоо иштери, ошондой эле электр жабдууларына селдин таасиринин алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Эске салсак, “Улуттук электр тармагы” ААКнын 8 филиалы бар:

  • Ысык-Көл электр тармактар ​​ишканасы;
  • Нарын электр тармактар ​​ишканасы;
  • Ош электр тармактар ​​ишканасы;
  • Талас электр тармактар ​​ишканасы;
  • Баткен электр тармактар ​​ишканасы;
  • Чуй электр тармактар ​​ишканасы;
  • Бишкек электр тармактар ​​ишканасы;
  • Жалал-Абаддагы электр тармактар ​​ишканасы.

 

Тэги: экономика подготовка к ОЗП ОАО «НЭСК» новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу