Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды

30.05.2023, 10:10 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк 29-майда эсептик ченин (негизги ченин) 13,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.  

Кыргыз экономикасына тике жана кыйыр таасирин тийгизген тышкы экономикалык шарттар, мурдагыдай эле, белгисиздик жагдайлардын таасиринде, бир калыпта болбостон, тышкы финансылык рыноктордо өзгөрүлмөлүүлүк сакталууда. Дүйнөлүк азык-түлүк жана мунай рынокторунда баа динамикасынын акырындап төмөндөшүнө карабастан, көпчүлүк өлкөлөрдө жогору инфляция деңгээли күтүлүүдө. Ал эми региондо инфляциянын акырындык менен төмөндөшү алгылыктуу фактор болуп саналат. 

"Өлкөдө 2023-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн айкын өсүш арымы 4,4 пайызды түздү. ИДӨнүн жалпы көлөмүнүн өсүшү экономиканын негизги тармактарынын, айрыкча, кызмат көрсөтүүлөр секторунун оң көрсөткүчтөрү менен камсыздалат. Салык-бюджет жана акча-кредит саясатынын өз ара аракети орто мөөнөттүү келечектеги инфляциянын туруктуу динамикасы үчүн аныктоочу факторлордун бири болуп эсептелет. Ички суроо-талап реалдуу эмгек акынын туруктуу өсүшү, ошондой эле керектөө кредиттеринин көлөмүнүн өсүшү менен шартталат", - деп айтылат маалыматта.

Жыл башынан бери Кыргызстанда керектөө баалары (2023-жылдын 19-майына карата) 4,2 пайызга жогорулап, инфляция деңгээли жылдык мааниде 11,2 пайызды түзгөн. Күндөлүк инфляциянын калыптанышына, негизинен, айрым административдик баалардын (тарифтердин) кайра каралышы, ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баа конъюнктурасынын турукташуусу таасирин тийгизген. 

Улуттук банк тарабынан алдын ала көрүлгөн чаралардын натыйжасында, акча жана валюта рынокторундагы жагдай салыштырмалуу туруктуу бойдон сакталууда. Учурдагы акча-кредит шарттарын колдоо улуттук валютадагы аманаттарга болгон суроо-талапты сактоого жана калктын каражат топтоосуна өбөлгө түзүүгө мүмкүндүк берет. 

Кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчү факторлор мурдагыдай эле сакталып турушу күтүлөт. Күтүлүп жаткан инфляция деңгээли тышкы шарттар менен катар эле, ички факторлордун да таасиринде калыптанат, анын ичинен, ички суроо-талаптын акырындап көбөйүшү, ошондой эле бир катар тарифтердин жана акциздердин жогорулашы негизгилерден болуп саналат. Ошол эле учурда, дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын динамикасы боюнча оптимисттик болжолдоолор ички баалардын өсүшүнө ооздуктоочу таасирин тийгизиши күтүлөт.  

"Учурда орун алып турган шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, мурдагыдай эле, Кыргыз Республикасында инфляция деңгээлин орто мөөнөттүү мезгилдеги максаттуу көрсөткүчкө чейин төмөндөтүүгө багытталган. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк жүргүзүп жаткан монетардык саясатына кошумча корректировкаларды киргизиши мүмкүн", - деп кошумчалашты өлкөнүн башкы каржы мекемесинен.

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки отуруму план боюнча ушул жылдын 31-июлунда өткөрүлөт. 

Тэги: новости Кыргызстана учетная ставка Нацбанк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу