Улуттук банк 104 млн доллардан ашык сатты

10.01.2023, 21:58 Акчабар
Улуттук банк 104 млн доллардан ашык сатты

Улуттук банк бүгүн, 10-январда биринчи жолу интервенция менен валюта рыногуна чыкты.

Натыйжада жөнгө салуучу 104 миллион 250 миң доллар саткан. Бардык бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр бүтүмдүн датасынан айырмаланган дата боюнча жүргүзүлгөн. Доллардын сатуудагы баасы 85,68 сомду түздү. Ал өткөн жылдын 20-декабрынан бери өзгөрүүсүз калды.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылы Улуттук банк 486,5 миллион долларга чет өлкө валютасын сатуу боюнча сегиз интервенция жүргүзүп, анын 66,65 миллион доллары накталай сатылган жана 190,74 миллион АКШ долларын сатып алуу боюнча жети интервенция жасалып, жалпы таза сатуу 295,76 миллион долларды түзгөн.

Тэги: новости Кыргызстана Нацбанк валютная интервенция доллар США курс валют

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу