5-сентябрда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Ошентип, аукционго 13,7 миллиард сомго ноталарды жайгаштыруу пландалууда.
Эске салсак, 29-августта өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,90%, 12%, 12,01% жана 13,90%ды түзгөн.