Кыргызстандын Улуттук банкынын тышкы карызы 2022-жылдын 1-октябрына карата 250,1 миллион долларды түздү. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Жыл ичинде жөнгө салуучунун тышкы милдеттенмелери 2021-жылдын 1-октябрына карата 360,1 миллион доллардан 110 миллион долларга кыскарган.
Ошол эле учурда 2022-жылдын июль айынын аягынан октябрдын башына чейинки аралыкта Улуттук банк тарабынан 71 миллион доллар төлөндү.